Бокс боюнча спорт чебери Арсландын жашоосу бир заматта баштан-аяк оодарылат. Ал сүйлөшкөн кызы менен эс алып жүргөндө кокусунан адам өлтүрүп алат. Он беш жылга түрмөгө отурган Арсланды, оорусу катуулап бараткандыгынан улам, жети жылдан кийин үйүнө бошотушат. Арсландын жашоосуна жарык берген бир адам – ал өз карындашындай көргөн кошуна кыз Пери.
Классташынын туулган күнүндө Пери бир ашынган чоңдун уулу тарабынан зордуктоого кабылат…