Правила посещения

KINOBOX Семетей 3D КИНОТЕАТРЫНА КЕЛҮҮНҮН ЭРЕЖЕЛЕРИ        

ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР:

 

Ушул эрежелер (мындан ары - Эрежелер) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин, «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө», «Автордук укук жана аралаш укуктар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, КР Өкмөтүнүн 1999-жылдын 29-октябрындагы № 590 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын аймагында киновидеофильмдерди жүгүртүүнүн эрежелеринин» талаптарынын негизинде иштелип чыкты. Эрежелер кинотеатрдын келүүчүлөрүнүн укуктарын жана эркиндиктерин кинотеатрдын башка келүүчүлөрүнүн мыйзамга каршы аракеттери (аракетсиздиги) менен бузуулардын алдын алууга багытталган, кинотеатрдын имаратына жарандарды киргизүүнүн жана анын ичинде болгон жарандардын жүрүм-турумунун тартибин аныктайт.

Кинотеатрдын келүүчүлөрү кинотеатрда жана кинотеатрга жанаша жайгашкан аймакта бул Эрежелерди, коомдук тартипти сактоого милдеттүү.

Билетти сатып алуу келүүчүнүн жана “Kinobox Семетей” кинотеатрынын ортосунда келишим түзүү учуру, ошондой эле “Kinobox Семетей” кинотеатрына келүүнүн эрежелери менен макул болуу болуп эсептелет. Кинотеатрдын каалаган келүүчүсү билетти сатып алууга чейин ушул Эрежелер менен таанышууга укуктуу.

        Ушул Эрежелерде камтылган бардык чектөөлөр жана тыюу салуулар кинотеатрдын аймагында кинотеатрдын башка келүүчүлөрүнө, алардын мүлкүнө жана кинотеатрдын мүлкүнө зыян келтирүү коркунучу катары кызмат кылган, өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурда кинотеатрдын келүүчүлөрүн токтоосуз эвакуациялоого тоскоолдук кылган адамдардын жана предметтердин болушунун алдын алуу максаттарында белгиленди.

 

1. КЕЛҮҮЧҮЛӨР УКУКТУУ:

1.1. Фильмдердин курактык категориясына ылайык фильмдерди көрсөтүү боюнча кызматтарды пайдаланууга, ошондой эле кинотеатр көрсөтүүсү башка кызматтарды эркин пайдаланууга.

1.2. Фильмдерди көрсөтүү боюнча кызматтарды сапаттуу көрсөтүүгө.

1.3. Кинотеатрдын аймагында көрсөтүүлүүчү кызматтар, анын ичинде кошумча кызматтар боюнча толук жана ишенимдүү маалыматты алууга.

1.4. Кинотеатрдын күнөсүнөн улам болгон көрүүнү токтотуу учурунда билеттин баасын кайтарып алууга.

1.5. Кинотеатрдын кызмат көрсөтүүлөрүн жүзөгө ашыруу маселелери боюнча дооматтар менен анын администрациясына жумуш убагында кайрылууга.

 

2. КЕЛҮҮЧҮЛӨР ТӨМӨНКҮЛӨРГӨ МИЛДЕТТҮҮ:

2.1. Фильмдерге карата белгиленген курактык чектөөлөрдү сактоо.

2.2. Коомдук тартипти, өрт коопсуздугунун талаптарын сактоо.

2.3. Кинотеатрдын мүлкүнө, кинотеатрдын башка келүүчүлөрүнүн мүлкүнө аяр мамиле кылуу, көрүү залында жана жанаша жайгашкан аймактарда тазалыкты жана тартипти сактоо.

2.4. Сеанс аяктаганга чейин билетти сактоо.

2.5. Мүлктү бузганда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте анын баасын төлөп берүү.

2.6. Киносеанс убагында мобилдик телефондорду, башка байланыш түзүлүштөрүн өчүрүү же үнсүз режимге которуу.

2.7. Билетте көрсөтүлгөн отургузуу орундарын ээлөө.

2.8. Кинотеатрдын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткаруу.

2.9. Фильмди 3D форматында көрсөтүүдө залдан чыгып баратканда көз айнекти тапшыруу.

2.10. Ушул Эрежелерди сактоо.

3. КИНОТЕАТРДА ТЫЮУ САЛЫНАТ:

3.1. Көрүү залына билетсиз кирүүгө.

3.2. Фильмди көрсөтүү убагында көрүү залында фото- жана видеотартууларды жүргүзүүгө.

3.3. Көрүү залында билетте көрсөтүлгөнгө ылайык келбеген орундарды ээлөөгө.

3.4. Өзү менен кошо куралдын түрлөрүн, жардыргыч заттарды жана химиялык реактивдерди, ошондой эле пайдалануу жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жараткан атайын даярдалган же ылайыкташтырылган предметтерди ала келүүгө же жарандарга жана кинотеатрга материалдык зыян келтирүүгө.

3.5. Коомдук коопсуздукка, жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаратууга.

3.6. Кинотеатрга жумушчу же кир кийим менен, ошондой эле багаж жана/же кинотеатрдын келүүчүлөрүн жана интерьерин булгай турган, башкача жол менен кинотеатрдын мүлкүнө, кинотеатрдын келүүчүлөрүнө жана/же алардын мүлкүнө зыян келтире турган, же мындай зыян келтирүү коркунучун туудурган предметтер менен келүүгө.

3.7. Залга отургучту, килем каптамын же кинотеатрдын башка мүлкүн булгай турган тамак-аш азыктары менен кирүүгө.

3.8. Залга кинотеатрдын барында сатылып алынбаган тамак-аш азыктары менен кирүүгө.

3.9. Кинозалда баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун, уулуу же башка маң кылуучу заттарды колдонуу пайда кылган абалда жүрүүдө.

3.10. Күчтүү алкоголдук ичимдиктерди ичүүгө.

3.11. Бул үчүн атайын бөлүнбөгөн жерлерде тамеки жана электрондук чылымдарды чегүүгө.

3.12. Кинотеатрга жаныбарлар менен келүүгө.

3.13. Скейтборд, самокат, роликтүү коньки, велосипед же башка жөө жүрбөө ыкмалары менен жылып жүрүүгө.

3.14. Экранга кол тийгизүүгө жана залдагы атайын жабдууга тийүүгө.

3.15. Кинотеатрдын кызматкерлеринин макулдугусуз билетте көрсөтүлгөндөн айырмаланган отургузуу орундарын ээлөөгө, киносеанс убагында зарылчылык жок турууга жана басып жүрүүгө, ызы-чуу салууга, катуу сүйлөшкөнгө.

3.16. Көрүү залында, ошондой эле кинотеатрдын аймагында булгоо жана ар кандай предметтерди ыргытуу (таңгактар, чайнама резинка, бөтөлкө, майлык, тамак-аш азыктарынын калдыктары ж.б.), буюмдарды, сумканы, баштыкты жана башка кол жүгүн кароосуз калтырууга.

3.17. Фильмди көрүү убагында башка көрүүчүлөргө кандайдыр бир тоскоолдуктарды жаратууга, анын ичинде, төмөнкүлөрдү кошо алганда, бирок чектелбестен: телефон менен катуу сүйлөшүү; башка көрүүчүлөрдүн көрүү мейкиндигин жарыктандыруу менен дисплейин күйгүзүп телефон пайдалануу; сеанс убагында башка көрүүчүлөр менен сүйлөшүү, эгер бул айланадагылардын көрүүсүнө тоскоол кылса; чуу таасирин жаратуучу жана көрүүгө тоскоолдук кылуучу предметтерди пайдалануу.

3.18. Залга балдар арабасын, чоң сумка жана эби-сыны жок багаж алып кирүүгө.

4. 3D КӨЗ АЙНЕК

4.1. 3D көз айнек кинозалга кирүүдө контролер тарабынан билетти көрсөткөндө гана ар бир көрүүчүгө 1 даанадан комплектте берилет.

4.2. Көз айнекти залга киргенде бериле турган, атайын майлык менен гана сүртүү керек.

4.3. Эгер сиз жөнөкөй көз айнек тагынсаңыз, анда 3D көз айнекти 3D көз айнектин алкагын жөнөкөй көз айнектин алкагына илип алуу менен, диоптриялары бар көз айнектин үстүнө тагынууга болот.

4.4. Көз айнекти фильм башталганда гана тагынуу керек.

4.5. Көз айнекти фильм аяктаганда дароо чечүү керек.

4.6. Көз айнектердин алкагын жана туткасын ийүүгө тыюу салынат.

4.7. Көз айнектин айнегин кол менен кармоого жана аларды катуу басууга тыюу салынат. Бул көз айнектин сынып калуусуна алып келет.

4.8. Көз айнекти башка предметтер менен салууга тыюу салынат.

4.9. Фильм убагында жана фильм аяктагандан кийин залдан чыккан кезде 3D көз айнек контролерго тапшыруу керек.

 

5. КИНОБИЛЕТТЕРДИ ПАЙДАЛАНУУНУН ЭРЕЖЕЛЕРИ

5.1. Келүүчү сатылып алынган билеттерди жана кайрып берилген акчаны билеттерди саткан кассадан алыстабай туруп текшерүүгө милдеттүү. Билетти сатып алуудан кийин коюлган акчалай дооматтар көңүлгө алынбайт.

5.2. Сатылган билет кайра кайтарууга жана алмаштырууга жатпайт.

5.3. Сатылып алынган билет билетте көрсөтүлбөгөн сеансты көрүү укугун бербейт.

5.4. Пайдаланылбаган билет башка сеанска кирүүгө укук бербейт.

5.5. Контролдук сызыгы жок билет кабыл алынбайт.

5.6. Билет контролдоо үчүн сеанс аяктаганга чейин көрүүчү тарабынан сакталышы керек.

5.7. Көрүүчү сеанс убагында залдан чыккан учурда көрүүчү кайра залга кирип келатканда контролер билетти көрсөтүүнү талап кылууга укуктуу.

5.8. Фильмди 2D, 3D форматтарында көрсөтүүдө алты жашка чейинки балдар сеанска коштоочунун билети менен кирүүгө укуктуу, бирок, бул учурда бала өзүнчө отургучту ээлебеши керек.

5.9. Кинотеатрда жеңилдетилген тариф каралган:

БАЛДАР тарифи – 14 жашка чыга элек көрүүчүлөр үчүн.

5.10. Эгер ата-энеси же чоң коштоочу адамдар тиешелүү куракка чыга элек адамдын курактык чектөөлөрү бар фильмдерге кирүүсүн талап кылса, алар жазуу жүзүндөгү макулдукту берүү аркылуу бул аракет үчүн өзүнө жоопкерчилик алышат.

5.11. ЖӨНӨКӨЙ (чоңдор) билетинин баасы өзгөрмөлүү категория болуп саналат жана сеанстын убактысынан жана форматынан көз каранды болгон тарифтик торго ылайык кинотеатрдын администрациясы тарабынан белгиленет. Баалар жөнүндө маалымат кинотеатрдын кассасында жарыяланат.

5.12. Билеттерди сатып алуу менен, көрүүчүлөр КР Өкмөтүнүн 1999-жылдын 29-октябрындагы № 590 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын аймагында киновидеофильмдерди жүгүртүү эрежесине» ылайык фильмдерге белгиленген, ага ылайык аларга көрсөтүүдөн баш тартылышы мүмкүн болгон курактык чектөөлөрдү сактабоо үчүн, билеттин баасынын алкагында өз алдынча жоопкерчиликти тартат (Эрежеден көчүрмө төмөндө берилген).

6. КИНОТЕАТРДЫН АДМИНИСТРАЦИЯСЫ УКУКТУУ:

6.1. Репертуар саясатын жана билеттердин баасын белгилейт.

6.2. Көрүүчүлөрдү залга киргизүүнү баштоо жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.

6.3. Техникалык зарылчылыктарга байланыштуу сеанстын башталышын жылдырууга укуктуу.

6.4. Эгер билеттерди сатуу жеңилдетилген тариф боюнча жүргүзүлсө, ошондой эле жаш курактык чектөөлөрү бар кинофильмди көрүүгө тоскоол болуу максатында келүүчүнүн жаш курагын аныктоо зарыл болгон учурда кассир ким экендигин күбөлөндүргөн документин талап кылууга укуктуу.

6.5. Сеанс убагында көрүүчү залдан чыкса көрүүчү кайра залга кирип жатканда контролдоочу билетин көрсөтүүнү талап кылууга жана билети жок болсо кинозалга кирүүгө тыюу салууга укуктуу.

6.6. Кинотеатрдын мүлкүн көрүүчүлөр көрүү залына алып келген тамак-аш азыктары менен булгоо мүмкүндүгүн баалоо жана бул азыктар менен кирүүгө тыюу салуу.

6.7. Залга кинотеатрдын барында сатылып алынган тамак жана суусундук менен кирүүгө уруксат берүү.

6.8. Жалпы кабыл алынган жүрүм-турум эрежелерин жана ченемдерин бузууда (жаман сөз сүйлөө, агрессивдүү жүрүм-турум, сеанс убагында залдагы тынчтыкты бузуу, ызы-чуу таасирин жараткан жана көрүүчүлөргө тоскоол болгон предметтерди пайдалануу ж.б.) кинотеатрдын кызматкерлери көрүүчүнү көрүүгө киргизбөөгө же мындай көрүүчүнү кинотеатрдан чыгарып салууга укуктуу.

6.9. Укук бузуулардын алдын алуу жана коопсуздуктун деңгээлин жогорулатуу максатында кинотеатр өткөргөн иш-чараларга аларды өткөрүүгө тоскоол кылууга жөндөмдүү адамдардын кирүүсүн чектөө аркылуу ФЕЙС-контроль жүргүзүлөт. Кинотеатрдын контролеру тандоо менен себебин түшүндүрүсүз коопсуздук түшүнүгүн канааттандырбаган келүүчүлөрдү тейлөөдөн баш тарта алат. Мисалы, алкоголдук мас абалындагы, курагы же кийими боюнча ж.б. ылайык келбеген адамдар киргизилбейт.

6.10. Жарандардын коопсуздугу, жеке мүлкүн коргоо жана кылмыштардын алдын алуу максатында кинотеатрдын имаратында видео байкоо тутуму уюштурулган. Видео байкоонун маалыматтары жарыяланбайт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурлардан тышкары, үчүнчү жактарга берилбейт.

КИНО КӨРСӨТҮҮНҮ ЖАШ КУРАКТЫК КЛАССИФИКАЦИЯЛОО ТУТУМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 29-октябрындагы токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын аймагында киновидеофильмдерди жүгүртүүнүн эрежелерине” ылайык Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн фильмдерге жана Кыргыз республикасынын аймагына киргизилген фильмдерге төмөнкү ачык көрсөтүү индекстеринин тутуму белгиленет:

“Л” индекси - бардык аудитория үчүн фильм;

“Д” индекси - балдардын аудиториясы үчүн;

“Д+” индекси - 16 жашка чейинки балдар киргизилбейт;

“С” индекси - 18 жашка чейинки адамдар киргизилбейт.

“С” индекси бар киновидеофильмдерди ачык көрсөтүүгө борбордук жана көп залдуу кинотеатрларда эмес, сыйымдуулугу чакан киновидеозалдардын кечки сеанстарында жол берилет. Телекөрсөтүү каналдары боюнча бул продукция саат 23төн кийин көрсөтүлөт.

 

ЖАГЫМДУУ КӨРҮҮ КААЛАЙБЫЗ!

Администрация